Ош шаарында ижарага алып жашап жаткан батирине эки кичинекей кызын кароосуз калтырып, турмушка чыгып кеткен келин кыздарынан кабар ала элек. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда SUPER.KG'ге Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.
“Биз кыздарды балдардын реабилитациялык-адистештирилген борборуна алып кеткенден кийин кыздардын энесимин деп келип кабар алып кеткен. Ал 1-февраль күнү болгон, анда ал аялдын катышуусунда бул ишти атайын комиссия карап чыгып, кыздарды кайтарып бербөө чечимин кабыл алган. Өзүн Нарпажихон деп тааныштырган 31 жаштагы аял ошол бойдон келип кабар алган жок.
Кыздардын энеси улуу кызын 2012-жылы Оштогу төрөт үйүндө төрөгөм деп айткан, бул боюнча биз төрөт үйүндөгү документтерди караттырдык. Бирок ал жактан бул келинге тиешелүү эч кандай документтер табылган жок. 2017-жылы туулган кичүү кызынын да эч кандай документтери жок экен.
Учурда 6 жана 2 жаштагы кыздарга тиешелүү документтерди алуу аракеттери көрүлүүдө. Эгер кыздардын энеси аларды кайтарып алууга эч кандай аракет кылбаса кыздар 6 айдан кийин асыроого берилери каралат”, - дейт Раева.
Окуянын чоо жайына кайрылсак:
Эки кичинекей кызы менен Ош шаарындагы Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган келин бир күндѳн кийин кыздарын үйгө таштап кетип 10 күн дайынсыз болгон. Бул убакыт аралыгында батирдин ээси балдарга тамак-ашын берип, аларды караган. Кийин рейд учурунда кыздарды тиешелүү мекеменин кызматкерлери алып кеткен. 1-февраль күнү кыздардын энеси шаардын социалдык коргоо башкармалыгына барган. Анын ишин караган комиссия кыздарын кайтарып бербөө чечимин кабыл алган.