Журналист Адилет Айтикеев: "Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин кылган аракети өтө төмөн деңгээлдеги саясат"

Интернетке жактоочу Нурбек Токтакунов тууралуу видео жарыяланды. Анда жашыруун камерага тартылган видеодон жактоочуга окшош киши менен белгисиз аялдын бөлмөдө кучакташып турганы көрүнөт.

Нурбек Токтакунов - учурда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу. Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, азыркы депутат Асылбек Жээнбеков жана тиешелүү комитет төрагалары жоопко тартылышы керектигин талап кылып келет. Өткөн жылдын ноябрь айында ал "кара касса" - 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийликти кескин сындап келе жаткан укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жеке турмушу боюнча жашыруун камерага тартылган видео таратылууда. Бийликтин оппоненттерине каршы мындай ыплас аракеттер канткенде токтойт?" деген соболуна журналист Адилет Айтикеев салды.

Ал бийлик ыплас аракеттери менен Курманбек Бакиевдин учурунда болгон көрүнүштөрдү кайталап жатат деген пикирин айтты.

"Социалдык тармактарга Нурбек Токтакуновду каралоо иштери жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Себеби түшүнүктүү болсо керек. Нурбек Токтакунов бийликтин абийирин ачкан, ошол эле учурда Сооронбай Жээнбековдун саясий беделине таасирин тийгизе турган материалдарды жарыялабады беле. Ал фактыларга, күбөлөрдүн материалдарына таянып жарыялады. Нурбек Токтакунов курч маанайда кескин пикирин билдирип жаткан. Мындай көрүнүштөргө өзүбүз күбө болуп келдик.

Курманбек Бакиевдин учурунда айрым саясатчыларга карата ушундай мамиле болгон. Утурумдук өкмөттүн да, Алмазбек Атамбаевдин учурунда да болгон. Ошол учурдагы ыплас саясий ыкмалар колдонулуп жатат. Азыркы бийлик ыймандуумун, Кудайга жакынмын деген Сооронбай Жээнбековдун молдо бийлигинин кылган аракети өтө төмөн деңгээлдеги саясат. Бийлик өзүнүн оппоненттери менен күрөшүү үчүн өтө төмөн ыплас аракеттерге барарын билдирет. Албетте, эртең УКМК актанып "биздин тиешебиз жок, күнөөлүүнү табабыз, жоопко тартабыз" деген маалыматтарды берет. Мындай нерсени жеке адамдар эмес, атайын кызмат жасай алат. Ошолордо гана бирөөлөрдү аңдымай, жеке жашоосун видеокөзөмөлгө алмай бийликтин, УКМКнын колунан келе турган иш. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги өтө ыплас, жийиркеничтүү жолго түшүптүр. Бул бийликтен жакшылык күтүүгө болбойт. Өз бийлигин сакташ үчүн ар кандай амалдарга барат. 2020-жылы бийликтин адамдары биригип, балким, Асылбек Жээнбеков баш болуп парламентке баруу, андан кийин Кыргызда абсолюттук бийлик орнотсок деген ниеттери бар. Эски жаман көрүнүштөрдү кайталап жатат", - деди Айтикеев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочулар Качкын Булатов Калича Умуралиеванын пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан