Түштүк кореялыктар үчүн эң кымбат жубайлар болуп өзбекстандык кыздар табылды. Бул тууралуу Кореянын бийлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, кореялык жигит өзбекстандык кыз менен нике куруу үчүн орто эсеп менен 22 миң АКШ долларын (1 миллион 533 миң сом) сарптайт. Филиппиндик кыздар менен баш кошкон учурда 18 миң 200 доллар (1 миллион 268 миң сом) кетсе, 3-орунда Камбожанын кыздары турат. Алар менен үйлөнгүсү келген жигиттер орточо 17 миң 300 доллар (1 миллион 206 миң сом) сарпташат.
4-орунда орто эсеп менен 17 миң долларга (1миллион 185 миң сом) "бааланган" Вьетнамдын кыздары турса, 5-орунда 12 миң 800 долларга (892 миң сом) "бааланган" Кытайдын кыздары турат.
Түштүк Кореяда шаарга көчүп барган эркектердин санын азайтуу үчүн атайын мамлекеттик программа иштейт. Корей кыздары көбүнчө шаардык эркектерге турмушка чыгууну каалагандыктан айылдык жигиттерге чет жактан үйлөнүүнү сунуш кылышат.
Жергиликтүү бийлик башка өлкөнүн жарандары менен баш кошкон эркектерге 3 миң доллардан (210 миң сом) 12 миң долларга (836 миң сом) чейин жөлөк пул төлөп берет.