Бүгүн, 22-февралда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү жана шаарды жашылдандыруу көйгөйлөрү тууралуу маселе каралып жатат.
Депутат Сайдулла Нышанов көчөгө бир эле адамдын атын коюу керектигин айтты. "Бишкек шаарындагы бир көчөнү үчкө, төрткө бөлбөй, башынан аягына чейин бир эле адамдын атын койсок туура болот. Көчөлөргө жазуучу, окумуштуу жана башка адамдардын атын берүү керек. Бир көчөгө үч адамдын атын коюп, коноктордун эмес, шаар тургундарынын дагы башы айланып калды. Ушундай нерсени токтотолучу", - дейт Нышанов.
Вице-мэр Рыспек Сарпашев сунуштарды жазып алганын айтты.