Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштаган кыз эсине келди

Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан секирген кыз учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге №3-балдар ооруканасынын башчысы Талантбек Өмүрбеков билдирди.

Анын айтымында, 18 жаштагы кыз учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. "Кыздын учурдагы абалы жакшы, ал эсине келген. Азыр ал томографияга жөнөтүлдү. Кырсыктан кыз омурткасынан, далысынан жана өпкөсүнөн жаракат алган", - деди Өмүрбеков.

Белгилүү болгондой, 20-февраль күнү 18 жаштагы кыз өмүрүн кыюуга аракет кылып, көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан