"Резина" жумурткалар Өзбекстанда да табылды. Бул тууралуу видео социалдык тармактардын өзбек тилдүү сегментинде жарыяланды.
Видеону интернетке жүктөгөн колдонуучу кайнатылган жумуртканын сарысын кесип көрсөткөн.
"Кытайдан жасалма жумурткалар келип жатыптыр. Мына карап көргүлө. Чыныгы жумуртканын сарысы кайнатылганда майдаланып кетет. Бул болсо топ сыяктуу жерге урсаң, кайра өйдөгө секирет, абайлагыла!" - деген колдонуучу.
Белгилей кетсек, 17-февралда социалдык тармактарда "Ошто жасалма жумурткалар сатылып жатат" деген видео тараган. Анда керектөөчү тамактанар алдында сууга бышырылган жумурткалар деп аны аарчып, ичи чыныгы жумуртка эмес экенин айткан.
19-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат таратып, Ош шаарынан бир да жасалма жумуртка табылбаганын билдирген.
Ал эми талкуу жараткан видеонун автору Урматбек Разаков тиешелүү органдар жасалма жумуткалардын кайдан келгенин аныктап, чара колдонуунун ордуна видеону "фейк" деп жатканын айтып SUPER.KG аркылуу нааразычылыгын айткан.