Жок болуп кетти делген дүйнөдөгү эң чоң аары 38 жылдан кийин кайра табылды

Австралия жана Түндүк Американын окумуштуулары дүйнөдөгү эң ири Уоллес аарысын (илимий аталышы Megachile pluto) Индонезиядан табышты. Чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккандай, бул аарыны акыркы жолу 38 жыл мурун көрүшкөн.

Окумуштуулар аарынын ургаачысын жандыктар топурактан курган уянын (термитник) ичинен табышкан. Аарыны алгачкы жолу сүрөткө тарткан фотограф Клэй Болт: "Анын чоң жана кооз экендигин өз көзүң менен көрүү, ири канаттарынын кагылганын угуу кандай экенин сөз менен айтып бере албайм. Бул керемет, ал менин баш жагымдан эле учуп өттү", - деген ою менен бөлүшкөн.

1859-жылы бул гигант аарыны алгачкы жолу көрүп сүрөттөгөн окумуштуу Альфред Уоллес болгон. Ал жандыкты "ири, кара курт-кумурскалар түркүмүндөгү бугу-коңуздун ээгин эске салган ээктүү аары" деп сүрөттөгөн.

Бул аары көп жылдар бою өлүп жок болгон курт-кумурскалардын катарында эсептелип келген. Кийин 1981-жылы Бачан аралынан тирүү жандыктары бар 6 уясы табылган. Аны америкалык энтомолог Адам Мессер таап алган. Ошол боюнча Уоллес аарысын башка эч ким көргөн эмес.

Megachile pluto аарысы дүйнөдөгү эң ири аары болуп саналат. Анын денесинин узундугу 4 сантиметр, канаттарынын жайылган абалдагысы 6 сантиметрге чейин жетет. Чоң ээгинин жардамы менен бактардан чайыр чогултуп, уя курууга колдонушат.

Дүйнөдөгү эң чоң аары табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gisi
2019-02-22 23:01:19
Бизде барго мындан да чону
+4
zzz---zzz
2019-02-23 01:56:27
Ооба бизде мындан чоң эки түрдүү аары бар бир сары күрөң, бири көк кара түстөгү.
+3
Take_men
2019-02-23 09:22:10
zzz---zzz, бизде 4 см болгон сары аары жок(4 см бул ширенкенин узундугу). Ал эми карасы ал аарыга кирбейт аны древесник деп койот
+1
Kgda
2019-02-23 20:31:15
Бизде кавак аары деп койот чакса жинди кыла койот бир ай жинди болуп журосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан