Европа Лигасынын плей-офф баскычында "Зенит" менен "Фенербахче" жооптук оюн өткөрдү. Беттешке чейин "Зениттин" футболчулары жана машыктыруучулары автобус менен стадионго бара жатышканда күйөрмандары тарабынан кошумча мотивация алышты. Жолдун эки четине тизилип турган күйөрмандар күйүүчү каражаттар менен коридор жасап, шоу уюштурушкан.
Күйөрмандардын бул аракети көпчүлүктү суктандырды. Ал эми "Зениттин" башкы машыктыруучусу Сергей Семактын ыраазычылык айткан билдирүүсү клубдун расмий сайтына жарыяланды.
"Оюн алдында шоу уюштурган күйөрмандарга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Мындай нерсе балдарга күч-кубат берет. Биз кандай оюн көрсөтөрүбүзгө карабай колдогон күйөрмандарыбыз бар экенине кубанычтабыз", - дейт Семак.
"Зенит" болсо "Фенербахчени" 3:1 эсеби менен утуп алды.