Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин алдында атайын эксперттик топ түзүү керектиги айтылды. Бул тууралуу кечээ, 23-февралда аталган кеңештин жыйынында сөз болгонун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жеткирүүчүлөр жана дистрибьютерлер ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева ЕАЭБдин алкагында көйгөйлөр арбын экенин айтып, бул жаатта өкмөт менен биргелешип тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын белгиледи.
ЮСАИДин өкүлү Улук Кыдырбаев бүгүнкү жыйында курулуш тармагына жана эл аралык ишкерликке тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү маселелери талкууланганын маалымдады.
Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында 2019-жылга карата кеңештин иш планын бекитүү мерчемделген. Буга байланыштуу ишкерликти жана өндүрүштү өнүктүрүү багытында тиешелүү ассоциациялардын жана уюмдардын сунуштары талкууланды. Жыйынга депутат Абдывахап Нурбаев катышты.