Сауд Арабиянын АКШдагы элчиси болуп биринчи жолу аял киши дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Рима бин Бандар бин Султан Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль-Сауддун буйругу менен дайындалды. Ал жогорку билимди АКШдан алган.
Бул кызматты Халед бин Салман 2017-жылдан бери аркалап келген. Ал коргоо министринин орун басары болду.