Өзбекстанда бир туугандардын балдарына үйлөнүүгө тыюу салынган мыйзам иштелип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, мындай кадамга барууга Өзбекстанда жакын туугандардын бири-бирине баш кошкон учурлары көп кездешип, ортодогу балдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жаткандыгы себеп болгон. Аталган мыйзам долбоорун Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга алып чыккан.
Учурдагы мыйзам боюнча, толук же асырап алган бир туугандарга, жубайлардын бири психикалык жактан жабыр тарткан болсо же башка никеси бар адамдар баш кошууга болбойт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдары жакын туугандардын никелешүүсү ден соолугу начар балдардын төрөлүшүнө алып келерин белгилеп келишет. Айрым маалыматтарга ылайык, мындай көйгөлөр Тажикстанда да байкалып, жакын туугандардын баш кошуусунан улам жыл сайын 1 жарым миңдей майып балдар төрөлөт.