Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Турсунали Рустамов тажикстандык "Хужанд" командасына өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Турсунали Рустамов менен аталган клубдун ортосундагы келишим 1 жылга түзүлгөн. Бул боюнча Турсунали Рустамов: "Ташкент шаарына "Андижан" командасы менен келишим түзүү үчүн келгем, бирок ал ишке ашпай калды. Ошол учурда "Хужанд" клубунан жакшы сунуш келип калды", - деп айтты.
Футболчу келе жаткан сезондо "Андижан" командасы менен АФК Кубогунун тандап алуу туруна катышат. Анда 6-мартта жана 13-мартта АФК Кубогунун финалдык баскычына өтүү үчүн "Алай" - "Ахал" клубдарынын беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.
29 жаштагы Турсунали Рустамов "Алга" клубунун негизги оюнчуларынын бири болуп келген жана Кыргыз улуттук курама командасы менен Азия Кубогунда 3 оюнга катышып, 1 гол жаратканга жетишкен.