"Ал мекенин сатууга да даяр болот". Кыздык абийирин аукционго койгон азербайжандык моделге япониялык саясатчы 2 миллион 300 миң евро төлөмөй болду

Азербайжандык Махбуба Мамедзаде аттуу моделдин кыздык абийири 2 миллион 300 миң еврого бааланганын чет элдик маалымат булактары жазууда. Буга чейин ал интернет сайттардын бирине кыздык абийирин сатууну көздөп жатканы боюнча жарыя берген.

Ал "өзүн" өткөн жылдын август айында аукционго коюп, баштапкы баасы 100 миң евро менен башталган. 23 жаштагы Махбуба Мамедзаде жарыяга толтурулган анкетага мындай чечимди апасын кубантуу үчүн кабыл алганын жазган.

"Буга чейин апам мен үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап келди. Эми апам мени менен сыймыктанчу учур келип жетти", - деген модель кыздык абийири үчүн төлөнгөн каражатты апасы экөөнө үй сатып алууга, саякатка жана жолбун иттерге атайын жай курууга жумшаарын белгилеген. Мындан тышкары кыздык абийирин сатып ала турган адам ай сайын 30 миң евродон төлөп турууга мүмкүнчүлүгү жеткен адам болушу керектигин да жазган.

22-февралда аукцион аяктап, "товардын" ээси белгилүү болду. Моделдин кыздык абийири үчүн токиолук саясатчы 2 миллион 300 миң евро төлөөгө даяр экенин билдирген. Андан кийинки сумманы америкалык юрист сунуштаса, кийинки чоң сумманы Мюнхенден белгилүү футболчу сунуштаганы жазылат маалыматта.

Модель менен саясатчы Германиядагы отелдердин биринде жолугушуу өткөрөт. Кардар сайттын эрежесине ылайык, баанын 10 пайызын алдын ала төлөгөн. Мындан тышкары ал отелде гинекологдун Мамедзаденин кыздык абийирин текшерген кызматынан пайдалана алат. Бирок модель буга чейин андай аныктаманы көрсөткөн.

Махбуба Мамедзаде август айындагы бул жарыясынан кийин көпчүлүктүн сынына калган. Анда коомчулук эле эмес, өзүнүн кесиптештери да анын бул кадамы ага абийир алып келбесин жазышкан.

"Ал Азербайжанга гана эмес, дүйнөгө өзүнүн туура эмес ой жүгүртүүсү менен таанылып жатат. Өзүн саткан адам бир күнү мекенин да сатууга даяр болот. Акча керек болсо көп иштеш керек, кыздык абийирин сатып үй сатып алат, бирок аны андан кийин эч ким баалабайт, сыйлабайт. Махбуба Мамедзаде мунун баарын өзүн пиар кылуу үчүн жасап жатат деп түшүнөбүз", - деп билдирген кесиптештери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
admin_superstan
2019-02-25 11:03:50
salimbek87.kg, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
-5
bond02
2019-02-25 11:37:52
Апанды кубантыш учун мындан башка жол таппадынбы ээ?
+12
taalay25
2019-02-25 11:47:29
Жаман илдет бизге жукбаса болду
+15
Bars88
2019-02-25 12:05:24
Бекер деле ала турган туру жокго.Чыгарбай эле койгулачы мындай жанылыктарды
+20
senchi
2019-02-26 16:34:38
Bars88,хаха
0
Umakg
2019-02-25 12:28:09
Опетитим тартпайтго бекер берседа бул кайсыл жерине кызыкты экен
+14
Dembele84
2019-02-25 13:27:51
Биздикилер да окуп алып,ушундай кылса болот экен деп алданып журбосун и жаман жолго тушуп кетпесин ...
+11
Nargiza1987k
2019-02-25 14:16:06
Эмнесине кызыкты экен тобоо
+3
Sakubek
2019-02-25 14:53:48
Мунун кыздыгы жок 100%
+4
Mavlyuda
2019-02-25 16:36:30
Кудай сактааааа
+2
Nanei
2019-02-25 18:09:25
Каап ушунча акча боло турганын билсем мен деле сатсам болмок экен убагында
+2
Usmangar
2019-02-25 19:56:40
Nanei,
Тиктирип кайра сата бергиле да арзаныраак кылып
0
Nanei
2019-02-25 21:04:36
Usmangar,тамашалап атам. 3 балам бар. Кайдан тиктирем эми
+2
Kroxa
2019-02-25 21:16:47
Жерге кир...азыр кыздыкты акчага тиктирип койсо болоорун Токиолук саясатчы билбейби ошончо акча миллион кыздык тиктирип алып жата бербейби кунуно...
0
Aikaaaa
2019-02-25 22:35:47
Kroxa,экөө жолукчу жерден биринчи гинеколог текшерип берет экен, алар тигилген, тигилбегенин билишсе керек
+1
jypar.ermatova
2019-02-26 03:30:24
Кудай сактаааа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан