Бишкекте көпүрөгө кыпчылып калган бала куткарылды (фото)

Бишкек шаарындагы 12-кичи райондо жайгашкан көпүрөгө окуучу кыпчылып калган. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Окуя 23-февралда болгон.

"112 кызматына чалуу келип түшкөн. Айтылган дарекке барган куткаруучулар А.Токомбаев атындагы көчөдө жайгашкан көпүрөнүн арматурасына кыпчылып калган окуучуга жардам беришкен. 2006-жылы туулган Д.С. аттуу окуучунун буту кыпчылып калган жерден чыгарылып, алгачкы жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы", - деп билдирет аталган кызмат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aima94
2019-02-25 19:01:24
Эмне болуп кыпчылып калган себеп? Толук маалымат жазгылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан