Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов малды идентификациялоодогу кемчиликтерди айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Кыргыз Республикасында ийри мүйүздүү малды идентификациялоо иши аяктады. Бул боюнча отчёт бергенбиз. 1 миллион 700 миңден ашык мал каттоодон өтүп, маалыматтык-бирдиктүү базага кирди. Идентификация маалымат базасы интернет менен электрондук негизде ишке ашат. Азыркы учурда 1500дөн ашык ветеринардык кызматкер менен бул багытта иш алып баруу үчүн келишимдер түзүлгөн. Өлкөнүн 91 айыл аймагында интернет жок. Буга байланыштуу малдын кыймылы кечиктирилип базага кирүүдө. Ветеринарлар кагазга жазышып, райондун борборуна келип маалымат жөнөтүп жатышат. Ошондой эле талапка ылайык мал союучу жайлар аз болууда", - дейт ал.
Учурда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.