Депутат финансы министри агрардык комитеттин жыйынына келбегенине нааразы болду

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде "1992-жылдан 2000-жылга чейин берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Анда депутат Алмасбек Акматов финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынына катышпаганына нааразы болду. "Дүйшөмбү күнү эртең менен Бюджет жана финансы боюнча комитеттин да жыйыны болот. Финансы министри ошол комитетке барып, биздин комитеттин жыйынына келбейт. Кийинки жыйында аталган мыйзам долбоору боюнча баяндаманы министр өзү жасашы керек", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан