Чүй облусунда 1 айдан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Бегайым Эдуард кызы изделүүдө. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБи билдирип, издөө салынгандыгын жарыялады.
Бегайым Эдуард кызы ушул жылдын 24-январында болжол менен саат 13:00 чамасында Кырман жаңы конушундагы үйүнөн Бишкек шаарында жайгашкан мектебине барам деп чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Белгилери: Бою 165-168 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, кой көз, чачы кара жана каре кыркылган.
Кийип жүргөн кийимдери: Кызыл түстөгү күрмө, кара жынсы шым, бутунда кочкул көк түстөгү кышкы ботинка.
Изделип жаткан кыз тууралуу көргөн-билгендер болсо Аламүдүн РИИБинин 0(312) 36-35-27 номерлүү нөөмөт бөлүмүнө, 0(312) 36-35-23, 0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 номерлерине жана 102 нөөмөт кызматына кабарлап коюуну райондук милиция өтүнөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, милиция кызматкерлеринин билдиргенине караганда, Эдуард кызы буга чейин да бир нече жолу үйдөн чыгып кетип жүргөн.