Япониянын Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндар боюнча министри Ёситака Сакурада бул жолу парламенттик жыйынга 3 мүнөт кечигип келди. Бирок ал парламент мүчөлөрүнүн алдында кечирим сураганын чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, Ёситака Сакурада 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарын уюштурууга да жоопкер. Ал жыйынга кечигип жатканда оппозициячыл депутаттар "министрдин бул жоругу бизге жана кызматына болгон сыйынын жоктугун көрсөтөт" дешип жыйынды жылдырууну айтышкан. Бирок министр кечирим сурап, жыйын уланган.
2018-жылы ал Олимпиада оюндарына жоопкер болуп дайындалгандан бери эле түрдүү сын-пикирлердин чордонунда келе жатат. Өткөн аптада Рикако Икээ аттуу сууда сүзгөн спортчудан лейкемия илдети табылгандан кийин: "Анын алтын алууга чоң мүмкүнчүлүгү бар болчу, биз ага аябай ишенип жатканбыз. Андан көңүлүм калды", - деп айтып алган. Министрдин бул сөзү кайрадан сынга кабылып, депутаттар анын кызматтан кетишин талап кылышкан.
Мындан тышкары Ёситака Сакурада өлкөдөгү киберкоопсуздук кызматынын бөлүм башчысы болуп да иштейт. Бирок ал өткөн жылы компьютерде иштегенди билбей турганын ачык айтып, өзүнүн дарегине карата жаман кептерди айттырган. Жергиликтүү ЖМКга берген маегинде: "Мен бала кезде компьютерде иштөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес, кийин болсо жардамчыларым болуп калды. Компьютерге байланышкан бардык жумушту аларга табыштайм", - деп айткан. Анда депутаттар киберкоопсуздук үчүн жаңы технология маанилүү деген жүйө менен кызмат ордун бошотууну талап кылышкан.
2016-жылы Сакурада журналисттерге: "1932-1945-жылдары япониялык туткун деп кармалган кыздар чынында сойкулук кызматты көрсөтүшкөн. Ал эми тарых аларды курмандыктар катары көрсөтүп келет", - деп айтып, чуу жараткан. "Асахи симбун" деп аталган жергиликтүү гезит "2020-жылы Ёситака Сакурада Олимпиада оюндарын уюштура алабы?" деген сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында ага катышкандардын 65 пайызы ал профессионал эмес деп жооп берсе, 13 пайызы оюнду уюштура алат деген пикирин билдирген.