Монголиянын мурдагы президенти суракка чакырылды

Монголиянын мурдагы президенти Цахиагийн Элбэгдорж 22-февралда Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, анын суракка чакырылышына азыркы президент Халтмаагийн Баттулганын өткөрүп берген документтери себеп болгон.

"16-январда учурдагы өлкө башчысы Монголиянын Башкы прокуратурасынын жетекчиси менен жолугушуу учурунда катардагы жаран катары кайрылып жатканын белгилеп, экс-президенттин ишмердүүлүгүн текшерип, суракка алууну суранган. Баттулга мурдагы президентти жана премьер-министрди 2015-2016-жылдары ири көмүр кенин чет элдик компанияларга сатып жибергенинен күмөн санап жатканын билдирип, далил катары башкы прокурорго 176 беттен турган документтерди өткөрүп берген", - деп жазылат маалыматта.

Мурдагы президент Элбэгдорж сурактан чыккандан кийин журналисттерге маек берип жатып, эч кандай күнөөсү жок экенин айткан.

"Чакыруу катты аларым менен бут кийимимди тазалап, галстугумду байлап суракка келдим. Анткени бардык жарандар мыйзам алдында бирдей болушу керек. Мага коюлуп жаткан айыптардын баары жалган. Тескерисинче, бул иштерге Баттулганын өзүнүн тиешеси бар болушу мүмкүн", - деп билдирген Элбэгдорж.

Цахиагийн Элбэгдорж Монголияны 2017-жылга чейин башкарып келген. 2017-жылдын июнь айында өткөн президенттик шайлоодо оппозициянын лидери Халтмаагийн Баттулга жеңишке жетип, өлкө президентин алмаштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
interpol
2019-02-26 10:44:28
Мына мисал, АША нын эмнеси ашыкча бул кишиден. Чакыргыла аша нын күнөөсү чексиз болуш керек. ХХХХ ХХХ ХХХХ ХХХХ
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан