SUPER TV: 5 баланын энеси: "Таштанды чогултуп, балдарымды багам. Жолдошум - селсаяк"

31 жаштагы Нургүл Бекиева 5 баласы менен Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде ижарага алынган үйдө жашайт. Эне балдарын багуу үчүн үйүнө жакыныраак жердеги таштанды таштоочу жайда таштанды чогултуп, жарактуусун сатып, күнүнө 200 сомдун айланасында каражат табат. Ишти балдары уктап жаткан маалда, тагыраагы, таңкы саат 5те баштаган ал балдарын үйгө калтырып, сыртынан бекитип кетет.

"Акыркы кездерде "иске ууланды", "үйү өрттөнүп кетти" деген сыяктуу жаңылыктарды окуп, кооптонуп да калдым. Бирок мен үйдө отуруп алсам, балдарым ачка калбайбы. Эки кызым мектепте окуйт, кээде жол кире жогунан сабакка барбай калышат", - дейт ал.

Ошондой эле балдарынын атасы ал таштанды чогулткан жайда селсаяк болуп кеткенин айткан Нургүл Бекиева балдарын жалгыз багат.

Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0703 62 22 41 номери аркылуу байланышса болот.

5 баланын энеси: "Таштанды чогултуп, балдарымды багам. Жолдошум - селсаяк"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aikaaaa
2019-02-26 07:38:54
Эмнеге жайнатып төрөп салышат, багалбагандан кийин. Өз ырыскысы менен төрөлөт деп эле төрөй беришеби. Балага да бактылуу балалык тартуулап, окутуп, кийиндириш керек, келечегин түзүш керек
-6
pochanta
2019-02-26 19:37:27
Aikaaaa,туура !
0
munar1980
2019-02-27 04:43:29
Aikaaaa,тообо кыл сен да энесин балким эми эне болорсун балага зар болгондор канча бала жытын жыттабай откондор да бар дуйнодон
+3
tram-lam
2019-02-27 10:46:05
munar1980,соз ал тууралуу болбой эле турат. Балага зар болгондорго ылайым кудайым бала берсин, бирок соз баласы бар туруп, бага алабы, албайбы, татыктуу тарбия берип, мээрим тогуп чонойто алабы же албайбы, билбей туруп дагы деле торой бергендерде болуп жатат
0
raykray
2019-02-26 08:05:25
Эшек эркектерге эртеден кечке иштеп 5 баланы бакканча селсаяк болуп алган жакшыраак
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан