Бүгүн, 25-февраль күнү таңкы саат 5те Бишкектеги перинаталдык борбордо 4 эм жарыкка келген. Аталган борбордун башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Марипова SUPER.KG'ге ымыркайлардын абалы оор болуп жатканын кабарлады. Анын айтымында, учурда төртөө тең жандандыруу бөлүмүндө жатат.
"Ымыркайлардын жана эненин абалы оор болуп жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Эненин абалы бир-эки күндө жакшы болуп калат деп ишенебиз. Бирок балдар ай-күнүнө жетпей 32 жумада төрөлгөндүктөн кыска убакытта жакшы болуп кете албайт. Бир ай убакытка чейин каралышы мүмкүн", - деди Марипова.
Талас облусунун тургуну Нурайым Рысмат кызы ымыркайларды кесарево жолу менен төрөп, бири эркек бала болсо, үчөө кыз. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызынын салмагы 1 килограмм 470 грамм жана эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм.