Кытайда ала жипти аттаган күйөөсүн аялы даракка көңүлдөшү менен кошо байлап койгон окуяны чет элдик маалымат булактары жазууда. Маалыматка ылайык, интернетке мындай видео 25-февраль күнү тараган.
Белгилүү болгондой, окуя Кытайдын Гуйчжоу провинциясында болгон. Анда жарым жылаңач аял менен эркектин даракка байланып турганын, айланасына эл топтолгонун көрүүгө болот. Маалыматта окуяны полиция кызматкери да карап турганы жазылган. Бирок ал бул ишке аралашкан эмес.
Аял күйөөсү көзүнө чөп салгандыгынан улам ушундай кадамга барганын түшүндүргөн. Тартип сакчылары бул фактыны каттаганы менен, аялды кармаган эмес. Алар бул көрүнүштү үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн эмоцияга алдырып, чектен ашкан аракет катары сыпаттап коюшкан.