Молдовада парламенттик шайлоо өтүп, учурдагы президенттин партиясы алдыга чыкты

24-февралда Молдовада парламенттик шайлоо өтүп, учурдагы президенттин партиясы алдыга чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, шайлоого 14 партия катышып 6 пайыздык чектен 3 партия жана 1 саясий блог өткөн.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча, учурдагы Орусия менен жакындашууга ыктаган президент Игорь Додондун Социалисттер партиясы 31,32 пайыз добуш менен алдыга чыкты. 26,41 пайыз менен "Acum" саясий блогу 2-орунда, 23,86 пайыз добуш топтогон Демократтар партиясы 3-орунга чыкты. Демократтар партиясы Додондун партиясына да, "Acum" саясий альянсына да каршы маанайда. 4-орун менен парламентке өткөн "Шор" партиясы 8,4 пайыз добушка ээ болгон. Аталган партияны сот тарабынан 7 жарым жылга эркинен ажыратылган бизнесмен Илан Шор негиздеген.

Саясий талдоочулар Молдовадагы парламенттик шайлоонун кызыгы эми гана башталганын белгилешүүдө. Анткени мандатка ээ болгон саясий күчтөрдүн баары бири-бирине каршы маанайда. Парламенттеги орундардын жарымына бир да партия ээ боло албаганына байланыштуу саясий күчтөр биргелешкен коалиция түзүү аркылуу өкмөт мүчөлөрүн шайлоо керек болот. Бири-бирине оппозиция болгон партиялар үчүн бир келишимге келүү кыйынчылык жаратып, кайрадан парламенттик шайлоо белгилениши мүмкүн.

Шайлоонун жүрүшү боюнча эл аралык байкоочулар маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо күчтүү атаандаштыкта жүргөнүн, бирок ошол эле учурда добуш сатып алуу фактылары катталганын айтышкан.

"Acum" саясий блогунун төрайымы Майя Санду шайлоодо орун алган бир топ мыйзам бузуулар тууралуу далилдери бар экенин билдирсе, эң көп добуш топтогон Социалисттер партиясынын лидери айрым шайлоо тилкелериндеги добуштардын кайра санап чыгуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергенин жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан