АКШнын Калифорния штатындагы Сими-Вэлли шаардык бийлиги ак жерден камалып, 39 жылдык өмүрүн түрмөдө өткөргөн Крейг Коли аттуу жаранга компенсация иретинде 21 миллион доллар төлөп берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Колини сот 1978-жылы мамиле түзүп жүргөн келинди жана анын 4 жашар баласын өлтүргөнгө күнөөлүү деп тапкан. Калифорниянын губернатору 2017-жылы Крейг Колиге ырайым кылып, ишти кайра каратканда ал күнөөсү жок жерден эркиндигинен ажыраганы белгилүү болгон.
Иш кайра тергелгенде Колинин күнөөсү жок экенин тастыктаган ДНК үлгүлөрү табылган. 1970-жылдарда ДНК анализ алуу кызматы жок болгондуктан Крейг Коли коңшуларынын көрсөтмөсүнүн негизинде суракка алынган. Кийин анын үйүн тинтүү учурунда кан болгон шейшеп, сүлгү, өлтүрүлгөн келиндин чачтары табылган. Коли күнөөсүн моюнуна албаганына карабай өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми жаңыланган тергөө ишинин алкагында ДНК анализ жүргүзүлүп, каза болгон келиндин шейшебиндеги шилекей, сперма Колиге тиешелүү эмес экендиги аныкталган. Мындан кийин 2017-жылы Крейг Коли 70 жашында эркиндикке чыккан.
Маалыматтарга караганда, келин менен баланы өлтүргөн адам азырынча табыла элек.
"Акча каражатынын суммасы канчалык көп болсо да Крейг Колинин башынан өткөн мүшкүлдү жууп кете албайт. Сими-Вэлли шаардык бийлиги ага 4 миллион 900 миң доллар бөлөт. Калган 16 миллион 100 долларды камсыздандыруу компаниялары менен башка мекемелер төлөп берет", - деди шаар мэри Эрик Левитт.
Маалыматта белгиленгендей, бул Крейг Коли эркиндикке чыккандан кийинки экинчи компенсациясы. Буга чейин Калифорния губернатору ага штаттын аткаруу органынын бюджетинен 2 миллион доллар төлөп берүү буйругуна кол койгон.