Толкунбек Абдыгулов турак жай ссудасы деп алган 4 миллион 824 миң сомду Улуттук банкка кайра төлөп берет

Башкы прокуратура Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун банктан алган турак жай ссудасы боюнча текшерүү иштерин аяктады. Бул тууралуу Абдыгулов бүгүн, 26-февралда маалымат жыйында айтып, текшерүү органы бир да мыйзам бузууну таппаганын белгиледи.

Улуттук банктын түшүндүрмөсү боюнча, 2015-жылдын июнь айында ага жумушунан 5 миллион 500 миң сом турак жай ссудасы берилген. 2017-жылы ал акчанын калган 4 миллион 824 миң сому эсептен чыгарылганы маалымдалган.

Башкы прокуратура мыйзам бузууларды аныктабаса да Толкунбек Абдыгулов эсептен чыгарылган каражатты кайра төлөп бере тургандыгын айтты.

"Акыркы 3 айда бул маселе көп талкууланып, менин аброюма гана шек келбестен, бүтүндөй Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө сөз тийди. Мындай абалды жоюу үчүн мага кечилген турак жай ссудасын кайтарып берүүнү туура көрдүм. Акчаны акырындык менен бөлүп-бөлүп төлөйм, ал Улуттук банктын бюджетине которулат", - дейт Абдыгулов.

Башкы банктын маалыматына ылайык, Толкунбек Абдыгуловго 5 миллион 500 миң сом өлкөнүн экономикасынын жана банк системинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн берилген. Кийин ал вице-премьер-министр кызматына которулгандыгы жана 10 жылдык тажрыйбасы үчүн ага берилген акчанын 4 миллион 824 миң сому 2017-жылдын 31-октябрында эсептен чыгарылган.

Жалпысынан 2000-2018-жылдар аралыгында Улуттук банк кызматкерлерине турак-жай маселесин чечиш үчүн өз каражатынан 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген. Анын 31 миллион 921 миң сому же жалпы сумманын 4 пайызы эсептен чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Altyn2017
2019-02-26 16:58:43
муну дыкат текшерип туруш керек калп эле кайра толоп берем деп элди алдап аткан жокпу.
+2
zhykyo
2019-02-26 18:31:39
Устуно кошуп толосун ошону да кайра карап чыгышса жакшы болмок ал акчаны канча жыл пайдаланды экен
+3
tular
2019-02-26 19:04:49
Кантип мыйзамсыз болуп жатса да, мыйзам бузулган жок деп жатат...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан