Бишкекте ара төрөлгөн 4 эм бир нече апта дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Ымыркайлардын энесинин абалы туруктуу

Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордо төрөлгөн 4 эмдин абалы туруктуу оор. Алар дагы 2-3 жумадай дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

"Учурда ымыркайлар жандандыруу бөлүмүндө жатат, алардын абалы туруктуу оор. Ымыркайлардын энесинин абалы туруктуу, бүгүн ал жалпы бөлүмгө которулду", - дейт Айгерчинова.

Кечээ, 25-февралда таңкы саат 5те борбордо 4 эм жарыкка келген. Балдар ай-күнүнө жетпей 32 жумасында төрөлгөн. Алардын бири эркек бала, үчөө кыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Feiza1982
2019-02-26 18:20:40
Дени сак ,акыл эстүү,өмүрлүү ата энеси мн бирге бактылуу наристелерден болушсун!!!
+4
rysik79
2019-02-26 18:25:00
Бешик боосу бек болуп. Тортоо энеси менен аман эсен уйлоруно чыгып кетишсин.
+1
Sagyn.91
2019-02-26 19:59:51
Аллахым 4 жыл наристе кутконуно бирдей 4 эмди белек кылыптырда) ОМурлорун берсин...
0
i1urp
2019-02-26 20:57:01
Тенирим кырсыктан сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан