Орусияда үйдүн чатырынан кулап кетип, эки буту жана жамбашы сынган Чыңгыз Керимбек уулуна Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунда операция жасалат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына дарыгер Талант Сарымсаков билдирди.
Анын айтымында, бейтап учурда операцияга даярданып жатат.
"Операциясы ийгиликтүү болушу үчүн бардык шарттарды карап, даярданып жатабыз. 28-февралда ага операция жасайбыз", - деди дарыгер Сарымсаков.
Чыңгыз Керимбек уулу 22-февралда Орусия шаарынан мекенине кайтып келгенин Чүй коомунун өкүлү Улан Курманбеков билдирди.
"Мекендешибизге Орусиядан 21 миң рубль чогултулду. Ал эми Чыңгызга жумуш берген жаран 100 миң рубль жардам берген", - деди Курманбеков.
Буга чейин Чыңгыз Керимбек уулунун абалы оор болуп, анын дарылануусуна жакындары жардам сурап кайрылган эле.