Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнүн картошкасын сатып ала баштады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен кабарлашты.
Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Темиржан Мааткеримовдун айтымында, картошканы буга чейин 70тей өзбекстандык менчик компания сатып алуу келишимин түзүп, сатып алып жаткан. Учурда дагы 10 жеке компания келишими жок эле сатып алып жатат.
Маалым болгондой, өзбекстандык компаниялар бир килограмм картошканы 5 сом 50 тыйындан 7 сом 50 тыйынга чейин алууда.
19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманы, Өзбекстандын аймагынан анардын ташылып кирүүсүнө тыюу салган. Мындай тыюу салуу картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, анар, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгон.