Жеке ишкер "5 баламды таштанды чогултуп багам, жолдошум - селсаяк" деген Нургүлдүн тагдырын SUPER TV'дан көрүп үй салып берүүнү убадалады

25-февралда SUPER TV Бишкектин четиндеги Алтын-Казык жаңы конушунда таштанды терип, 5 баласын жалгыз тарбиялап жаткан 31 жаштагы Нургүл Бекиеванын турмушун баяндаган. Учурда Бекиеванын тагдырына кайдыгер карабаган жарандар тынымсыз байланышка чыгып, жардам берүүгө далалат кылышууда.

Алардын арасында "Алыш" федерациясынын вице-президенти, жеке ишкер Советбек Рустамбек уулу да бар. Ал Нургүл Бекиеванын үй-бүлөсүнө жардам берип турарын айтты.

"Кечээ ал келиндин тагдырын SUPER TV'дан көрүп, чыдай албай жардам берүүнү чечкем. Чынында жардамга муктаж экен. Чиедей балдардын ошентип отурганына ыйлагың келет. Ошентип бүгүн ал келиндин үйүнө барып кабар алганча бир аз акчалай жана азык-түлүк жагынан жардам берип келдим. Буюрса, балдары чоңойгончо камкордукка алып, жардам берүүгө аракет кылам. Үй салып берейин деп да ойлоп жатам. Өзүм Орусиядан жыгач ташып, кыш, цемент чыгарып ишкерлик кылам. Колумда да курулушчу балдар бар. Ошол балдарымды алып барып үй салып берем. Бирок азыр жер тилкеси жагынан маселе болууда. Аны өзүм сыяктуу ишкерлер менен биргеликте же өкмөт чечсе дурус болот. Ошол жер маселесин чечип алсак калган бүт баарын өзүм бүткөрөм. Үйүнүн эмерегине чейин киргизип берем. Мен буга чейин ал келиндин тагдырын билген эмесмин да. Билсем мурун эле жардамга кол сунмакмын. Келин өзү да өтө сабырдуу экен. Анын ордуна башкалар болсо, балдарын балдар үйүнө тапшырып салып же дагы бир башка жеңил жол менен акча табуу жолуна түшмөк. Өзүнө да "сабырдуулук кылып балдарыңды өзүң багып жатканың башкаларга үлгү. Кудай буюрса, баары жакшы болот, балдарыңды окутууга жардам беребиз" деп айттым", - деди ишкер Советбек Рустамбек уулу.

Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0703 62 22 41 номери аркылуу байланышса болот.

5 баланын энеси: "Таштанды чогултуп, балдарымды багам. Жолдошум - селсаяк"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Sagyn.91
2019-02-26 20:14:48
Журок ооруду чынында кейиштуу тагдырга капталыптыр.
Балдары эстерине кирип калыптыр, ошолордун жакшы кундорун коруу насип кылсын эжеге...
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-26 20:25:32
Селсаяк болсо аяк-башын карап торобойбу?
-19
munar1980
2019-02-27 04:28:38
Baktyluu_bolgum_kelet,Тообо кыл канча бала торолсо ырыскысы менен кошо торолот бироону аз бала торобойбу деп айтканга эч кандай акыныз жок Кудайдын берген баласы Кудайым озу жардам берет
+6
Adelya15
2019-02-26 20:26:15
Бул келин менен кантип байланышсак болот?
+1
Жамалидин Парманкулов
2019-02-26 20:27:45
Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0703 62 22 41 номери аркылуу байланышса болот.


+1
Shabi
2019-02-26 20:44:44
Мага эн кызыгы.селсаяк болуп кыздарын карабай кеткен атасы,кудай буйурса уйлуу жайлуу болуп калса кайра келбесе экен.
+3
BekAmir
2019-02-26 23:37:58
Боорукерлик менен жардам колун сунгандарга Алла ыраазы болсун
+3
besha
2019-02-27 01:48:10
1) Куйсонун четке тартып сабак берип коюш керек болуп жатат ушундай жолдошторду
0
besha
2019-02-27 01:49:30
Куйоосу точно армияга барган эмес, армияга азыр да жонотуп сабак берип койсо болот
+4
AzKumFerDan
2019-02-27 02:21:10
Ии мотурайган кыз ыйлабачы балапаным менинда сендей кызым бар каралдым .бюрса баары жакшы болот .
+3
raia
2019-02-27 07:43:20
Жардам берген Совет балама мин рахмат,Аллахым сени колдосун.Бей бечараларга берген жардамдын озу чон сооп дейт.Аллахым сага берерин унутпасын,уй салып берсен андан да жакшы болот го сага окшогон азаматарыбыз бар болсун балам,омурун узун болсун,тапкан туткандарындын берекеси болсун !!
Сендей уулду остургон,тарбиялаган ата энене мин рахмат балам.Алла раазы болсун....
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-27 09:13:50
Кудай жалгасын.
0
Cherik.777
2019-02-27 12:27:33
Сабр кыл карындаш буйруса баары жакшы болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан