Бүгүн Жогорку Кеңеште ак калпакка маданий символдун статусун берүү боюнча мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеште ак калпакка маданий символдун статусун берүү боюнча мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунун максаты - кыргыз элинин маданий мурасы катары ак калпактын кадыр-баркын жакшыртуу, аны коргоонун укуктук базасын белгилөө. Ак калпакты колдоо жана өнүктүрүү, кеңири жайылтуу, республиканын маданий символу катары пайдалануу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Жыйында мындан тышкары 4 маселе талкууланат. “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" мыйзам долбоору, “Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору, "Улуттук банктын 2019-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттарынын талапкерлигин бекитүү жөнүндө” токтом долбоору каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан