Депутат Бактыбек Сыдыков каржылоо болуп жатса да Маданият-Жалал-Абад жолун оңдоп-түзөө иштери бүтпөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 26-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитет жыйынында билдирди.
Ал Транспорт жана жолдор министрлигин жолдорду куруу жана калыбына келтирүү боюнча ратификацияланган макулдашууларды аткаруудагы ишин сынга алды. "Долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү сакталбай келет. Каржылоо болуп жатса да 2014-жылдан бери 60 чакырымдык Маданият-Жалал-Абад жолунун 23 чакырым бөлүгү бүтпөй жатат. Өкмөт бул маселе боюнча жыйын өткөрүп, талкуулашы зарыл", - дейт ал.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, жол тармагындагы 13 долбоордун төмөнкү 4 долбоору мөөнөтүнөн кечигүү менен бара жатат. Анын айтымында, Ош-Баткен-Исфана альтернативдүү жолундагы тоннелдин курулушу, Бишкек-Кара-Балта, Исфана-Карагач-Баткен-Төрткүл жолдору аба ырайына байланыштуу кечигү менен оңдолууда.
Жыйынтыгында өз убагында каржылоо, курулган жолдордун сапатына өз убагында көзөмөл кылуу, тендерлерди ачык-айкын, мыйзам чегинде өткөрүү сыяктуу бир катар тапшырмалар өкмөткө берилди.