Жогорку Сот "Альфа Телеком" ЖАКсынын (MegaCom'дун) мурдагы кеңешчиси Алмазбек Абековго карата козголгон кылмыш ишин кайра карап чыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Абековдун жаза өтөө мөөнөтүн кайра карап чыгуу анын жактоочусунун өтүнүчү менен Жазык-процессуалдык кодекстин жаңыланган редакциясына ылайык жүргүзүлдү.
"Кечээ, 26-февралда Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарып, аны 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Алмазбек Абеков Коррупциялык схемалар боюнча айыпталып 2017-жылы 25 жылга эркиндигинен ажыратылган. Мындан тышкары анын мүлкү конфискацияланып, уюлдук оператордун пайдасына 91 миллион сомду кайтарып берүүгө милдеттендирилген.