Ошто ун заводу жеке адамга өтүп бузулуп жатканына тургундар нааразы. Аны бузуп жатканда бетон плита түшүп кетип 36 жаштагы жаран каза болду

Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндөгү эски ун заводдун имаратын бузуу учурунда 36 жаштагы кишинин үстүнө бетон плита түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 26-февралда болгон. Каза болгон жаран Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну.

"Кырсыктан кийин дароо жабырлануучу кишини Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына алып барышкан. Маркум ооруканага жетпей каза болуп калган. Учурда анын өлүмүнүн себептерин тактоо үчүн тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды", - деп билдирет маалымат катчы.

Айрым маалыматтар боюнча, жергиликтүү жашоочулар мамлекетке караган бул завод кандайдыр бир себеп менен жеке жактарга өтүп, аны алган адам бузуп жатканына нараазы болушууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан