Германияда кудуктун капкагына тыгылып калган семиз келемиш куткарылды

Германиянын Бенсхайм шаарынын куткаруу кызматы семиздигинен кудуктун капкагындагы тешикке тыгылып калган келемишти куткарды. Аны куткарууга жергиликтүү жаныбарларды коргоо уюмунун кызматкерлери жана өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери катышкан. Окуя тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

"Жекшемби күнү куткаруу кызматына таң калычтуу билдирүү келип түшкөн. Ага өрт өчүрүү кызматы жана ыктыярчылар чыгып кеткен. Жаныбарларды коргоо уюмунун Михаэль Зер аттуу өкүлү айтылган дарекке барып, келемишти тыгылып калган тешиктен чыгара албай койгон. Анткени ал өтө семиз болгондуктан келемишке зыян келтирип алуудан корккон", - деп жазылат маалыматта.

Михаэль Зердин айтымында, келемиштин денесинде кышы бою май топтолгон. Куткаруучулар кудуктун капкагын ачып, келемишти ылдый жагынан тартып алышкан. Жергиликтүү окуяга күбө болгон тургундар 1 келемиш үчүн ушунча адам убакыт коротпой эле койбойбу деп сындашкан. Жаныбарларды коргоо уюмунун кызматкери "адамдар жаман көрсө дагы келемиш тирүү жандык, ага да жашоо керек" деген.

Семиз келемиш кудуктун капкагына кыпчылып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Avrora2017
2019-02-27 18:31:49
Molodsy dobrota spaset mir , emne deibiz andan bashka
+3
bond02
2019-02-27 19:05:55
Бизде болгондо адамдарды убара кылбай, мышыгымды эле которуп барат элем.
+3
Kyrgyz_bloger
2019-02-27 19:55:30
Бизде нары ичине киргизе эле тебишет болуш керек
+7
Eliza1991
2019-02-27 20:04:34
Бизде болгондо жаш балдар келип таш атып ойноп чондор да бир нерсе менен башка чаап олтуруп коюшмак да анан ошол келемиш ошол жерде ошол бойдон олуп датв бермек
+2
haydarkan
2019-02-27 20:29:30
Онуккон олколордун келемиштери да семиз болот турбайбы ))))
+8
Djal1987
2019-02-28 02:41:09
Кытайлар болсо ошол жерден эле жеп тазалап коймок
+3
altyn7776
2019-02-28 14:13:24
Ар ким денгээлине жараша карайт да. Онуккон олклор деп аты эле айтып тургандай алар онуккон. Биз пок жеп журобуз дале 28 жылдан бери...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан