27-февралда Казакстандагы башкаруучу партиянын Астана жана Алматы шаарындагы кеңселеринин алдына чогулган жарандар президент Нурсултан Назарбаевдин отставкага кетишин талап кылышты. Аларды милиция кызматкерлери кармап, автобус жана кичи автобустарга салып кетишкенин казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, митингде президенттин отставкасы тууралуу чакырыктар айтылгандан кийин бир канча мүнөттүн ичинде эле милиция кызматкерлери жарандарды кармап кетишкен. Окуя болгон жерге келген прокуратуранын өкүлү митинг мыйзамсыз экенин айтып, кабылдамага кирүүнү сунуштаган. Эл каршылык көрсөткөндө нааразычылык билдирип чыккандарды массалык түрдө кармоо башталган.
Астанада бүгүн президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда "Нур Отан" партиясынын съезди болду. Партиянын кеңсесинин алдына чогулгандар жарандык позициясын айтуу үчүн чогулушканын билдиришкен. Алар жаштар үчүн жумуш орундарын түзүүнү, көп балалуу энелерге социалдык жактан колдоо көрсөтүүнү, башкаруучу партиянын лидерин алмаштыруу жана реформа жүргүзүүнү талап кылышкан.