Чиедей беш баласын жалгыз баккан энеге жардам бергендердин саны арбыды

25-февралда SUPER TV Бишкектин четиндеги Алтын-Казык жаңы конушунда таштанды терип 5 баласын жалгыз багып жаткан 31 жаштагы Нургүл Бекиеванын турмушун баяндаган.

Бекиеванын тагдырына кайдыгер карабаган жарандар тынымсыз байланышка чыгып, жардам бергендердин саны арбыды. Айрымдары акчалай түрдө жардам берип жатса, айрымдары турмуш-тиричилигине керектүү буюмдардан тартып азык-түлүгүнө чейин алып келип беришүүдө.

Алар менен бирге Нургүл Бекиеванын турмуш-шартынан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков, министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева да барып кабар алып жардам көрсөттү. Министрликтин өкүлдөрү үй-бүлөнүн бала бакча, мектеп жана жөлөк пул маселесин чечип бере турганын билдиришти.

"Учурда Нургүл Бекиеванын балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар болгону менен, өзүнүн паспорту жок экен. Паспорт берүү биздин милдетибиз болбосо да паспорт алууга жардам беребиз. Паспорту даяр болсо, министрликтин Аламүдүн районундагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан документтер чогултулуп, балдарынын ар бирине ай сайын 810 сомдон жөлөк пул берилип баштайт. Мындан сырткары Нургүлдүн тигүүчүлүк жөндөмү бар экен. Ошондуктан биздин Жумуш менен камсыз кылуу башкармалыгыбыз тарабынан аны тигүү цехине жумушка орноштурууга көмөктөшөбүз", - деди Алыбаева.

26-февралда "Алыш" федерациясынын вице-президенти, жеке ишкер Советбек Рустамбек уулу да Бекиеванын үй-бүлөсүнө көмөк көрсөтүп, жер маселеси чечилсе үй салып бере турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aidinaernur
2019-02-27 19:56:42
Жардам бергендерге Аллах ыраазы болсун.
Наристелердин кулкусу жанырып, балалыгы бактылуу болсун!
Эч бир бала кыйналбаса экен.
+20
momun74
2019-02-27 20:01:25
Ма Ша Алла жардам берген инсадардан Аллахым ыраазы болсун!
+18
Moskow83
2019-02-27 20:02:12
Азаматсыздар! АЛЛААХ ыраазы болсун!
+13
i1urp
2019-02-27 20:28:17
Жараткан ТЕНИРИМ элибизге жакшылык берсин. Баарыбызды Тенирибиз колдосун.
-12
Nanei
2019-02-27 20:43:26
Оууу сонун болгон экен. Балдарын аман эсен чоноюшсун
+4
molorbaev
2019-02-27 20:47:02
Кайрымдуу адамдарга кудай эселеп жакшылык кылсын. Кайрымдуу жакшы адамдар кобойо берсин ылайым.
+10
bessmertiy
2019-02-28 08:51:57
Элден айланса болот. Жакшы адамдар көп.
+2
adiaza
2019-02-28 09:08:53
Аябай жакшы сооп иш кылышыптыр жардам бергендер.
+3
tattusha
2019-02-28 09:16:46
Кудайга шугур боорукер адамдар барына!!!!

+3
Bekbosh
2019-02-28 09:32:30
Кыргыз элим бар болсун
+2
kolyn
2019-02-28 11:10:46
АЛЛА ыраазы болсун жардам бергендерге
+2
amirrus
2019-02-28 11:24:06
Азамат кол сунгандарга ушундай бири бирибизди колдошубуз керек ,берген кол жакшы кудай бергенге берет экен...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан