Эртең юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Эртең, 28-февралда юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аягына чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Буга байланыштуу аталган мекеме декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат. Бүгүн жана эртең аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

1-мартка чейин бирдиктүү салык декларацияны ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен өлкө аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан