Apple компаниясы iPhone'го тартылган эң мыкты сүрөт сынагын жыйынтыктады. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сынакка миңден ашык сүрөт келип, алардын ичинен 10 сүрөт гана эң мыкты деп табылган.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилген, бирок суммасы жазылган эмес.
Тартылган сүрөттөрдүн арасында эки жыл мурун чыккан iPhone 7ге тартылгандары да бар.