Украина "Евровидение-2019" сынагына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Украинадагы улуттук коомдук каналдан кабарланганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Акыркы кырдаалдардан улам жана улуттук тандоонун саясатташып кеткендигине байланыштуу "Евровидение-2019" эл аралык ыр сынагына катышпоо чечими кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, улуттук тандоодон кийин Maruv аттуу ырчынын катышуусуна макулдук берилген эмес. Ал эми андан кийинки лидерлик позицияда келе жаткан Freedom-Jazz жана Kazka топтору сынакка катышуудан баш тартышкан. Ырчы Maruv`дун айланасындагы териштирүүлөр анын Орусиядагы гастролдорунан улам келип чыкканы белгилүү болду.
2017-жылы "Евровидение" сынагы Киев шаарында өткөн. Анда Орусия сынакка катышкан эмес. Украина Орусиянын атынан катыша турган ырчы Юлия Самойлованы өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган эле. Буга себеп катары ырчынын Крымга барып Украинанын мыйзамын бузганы айтылган.
"Евровидение-2019" сынагы Израилдин Тель-Авив шаарында өтөт.