"Барселона" "Реалды" 3:0 эсебинде жеңип, Испания Кубогунун финалына чыкты.
28-февралга караган түнү Испания Кубогунун алкагында жарым финалдык беттеш орун алды.
Анда "Барселона" жооптук оюнда "Реалды" ири эсепте, 3:0 менен утуп алды. Эки команданын биринчи беттешинде эсеп 1:1 болгон эле.
Бул беттеште болсо 3 гол тең оюндун экинчи жарымында дарбазага киргизилди.
Алгач Луис Суарес 50-мүнөттө гол киргизсе, 69-мүнөттө Рафаэль Варан өз командасынын дарбазасына гол киргизип алды. Жыйынтыктоочу 3-голду да Луис Суарес 73-мүнөттө аткарды.