24-июлда Нарын районуна караштуу Соң-Көл жайлоосундагы малда чечек оорусу катталганы белгилүү болду. ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдагандай, ушул эле күнү Нарын районундагы ветеринар адистерден турган топ Соң-Көл жайлоосундагы малды текшерүүгө алууга жана ылаңдагандарын дарылоого жөнөп кетишкен.