Москванын тургуну өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билген соң балдарына 150 миллион рубль алимент төлөп берген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя жаңы жылдын алдында болгон. Анда ажырашып кеткен, балдары үчүн алимент төлөөдөн качып жүргөн адам соттун чечими менен өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилгенин билген.
"Москва шаарынын сот аткаруучуларынын башчысы Сергей Замородских өлкөдөн чыга албасын уккан жаран балдарына дароо 150 миллион рубль төлөп бергенин билдирген. Анын айтымында, өткөн жылы балдарына алимент төлөбөй качып жүргөн 240 миң жаранга өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, алар жалпы суммасы 573 миллион рубль төлөмөй болгон", - деп айтылат маалыматта.