Кечээ, 27-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жолугушту. Чет элдик маалымат булактарынын жазганына ылайык, тараптар Вьетнамдын борбору Ханой шаарындагы отелдердин биринде жолугушуп, кечки тамактанууну чогуу өткөрүшкөн. Жолугушуу лидерлердин жай отуруп сүйлөшүүсү менен коштолду.
Жолугушуунун алдында Трамп Түндүк Корея ядерлик куралдардан толугу менен баш тарткандан кийин өзүнүн экономикалык кудуретин күчтөндүрө аларын айткан. Анда Трамп Кимди улуу лидер катары сыпаттап, Түндүк Кореянын экономикасы жогорку деңгээлге чыга турганын белгиледи. Ким Чен Ын бул жолугушуу бардык тарапка жага тургандай мыкты жыйынтыктарды көрсөтөрүнө ишенерин айткан.
"Бул үчүн мен бардык аракеттерди жасайм", - дейт Түндүк Кореянын лидери. Андан кийин алар чогуу тамактанышкан. Сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү бүгүн, 28-февралда өтөт. Тараптардын жолугушуусуна журналисттер тандалып киргизилгенин кээ бир маалымат каражаттары жазып чыгышты. АКШнын Ак үйдөгү маалымат катчысы мунун себебин тамактануу учурунда "кылдат" темалар да козголгондугу менен түшүндүргөн. Маалыматта бүгүнкү жолугушууда сүйлөшүүлөрдөн кийин бир катар келишимдерге кол коюлары жазылат.
Трамп менен Ким Чен Ын биринчи жолу өткөн жылдын 12-июнунда Сингапурда жолугушкан. Анда АКШ "коопсуздук кепилдиктери" боюнча, Түндүк Корея "Корей жарым аралын ядерлик куралдан арылтууга" убада берген макулдашууга кол койгон.