Кыргыз өлкөсү алгачкы ирет кумда ойнолуучу футбол боюнча Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Азия чемпиондугу 5-марттан 17-мартка чейин Таиланддын Паттайя шаарында өтөт.
"Мелдешке катыша турган курама команда кумда ойнолуучу футбол боюнча Кыргыз Кубогунун жыйынтыгы менен тандалып алынды. Январь-февраль айларында Жети-Өгүз районунун Тосор айылында окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлдү.
Мелдешке катышуу үчүн бюджеттен 607 миң сом каралган", - деп айтылат маалыматта.
Мелдешке катышуучу курама команданын тизмеси:
Эрмек Чабалиев – дарбазачы;
Максим Максимишин – дарбазачы;
Урмат Дүйшенов – оюнчу;
Мирлан уулу Нурбакыт – оюнчу;
Бакыт Жаналиев – оюнчу;
Актилек Абдыкалый уулу – оюнчу;
Кайрат Дүйшеев – оюнчу;
Эдил Орозалиев – оюнчу;
Эрбол Алмазбеков – оюнчу;
Жыргалбек Урдөлөтов – оюнчу;
Данияр Таалайбеков – оюнчу;
Бактияр Орозалиев – оюнчу;
Тилек Асанбаев – оюнчу (резерв);
Муктарбек Орозбаков – башкы машыктыруучу;
Камчыбек Өмүрбеков – машыктыруучу;
Канатбек Жумадылов – дарыгер;
Киемидин Пириев – делегат;
Төлөгөн Сарынжыев – команда жетекчиси;
Нурлан Акысбеков – Кумда ойнолуучу футбол федерациясынын жетекчиси.
Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Кыргыз курамасы Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Ливан өлкөлөрү менен "В" тайпасына туш келген. Мелдеште алдыңкы 3 орунду ээлеген курамалар 2019-жылы Парагвайда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугун алат.