Бүгүн, 28-февралда Орусияда өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө биринчилигинин 1/16 финалында Кыргыз өлкөсүнөн барган бильярдчы Дастан Лепшаков атаандашын жеңип кийинки баскычка жолдомо алды.
Ал жарым чейрек финалга чыгуу укугу үчүн казакстандык Арби Муциев менен беттешип, 6:0 эсебинде жеңишке жетишти. Алдыда украиналык Андрей Хлестов менен молдовалык Владимир Рейес беттешип, жеңүүчү аталган оюнчу 1/8 финалда Лепшаковго каршы ойнойт.
Аталган мелдеш 25-февралдан 3-мартка чейин Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден 84 спортчу келген.
Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышып, алардын алтоосу 1/16 финалга чейин жетип келишкен. Алдыда жарым чейрек финалга чыгуу үчүн Каныбек Сагынбаев, Канат Сыдыков, Азиз Мадаминов, Ызат Ратбеков жана Арсен Каленбаев атаандаштары менен беттеш өткөрөт.