Депутат Дастан Бекешев: "Инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган мыйзамдардын аткарылышы көйгөй жаратып жатат"

Өткөн жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга азайды. Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай, өлкөдө өзгөчө инвестиция тартуу тарабы солгун деп сындап келишет. Фракциялык жыйындардын биринде өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендигин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эмне иш жасады?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.

Эл өкүлү билдиргендей, 2018-жылы январь айына салыштырмалуу быйыл инвестициянын көлөмү 14 пайызга төмөндөдү.
“Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алат. Азыр мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк мыйзам долбоорлорун карап жатабыз. Бул мыйзам долбоору күчүнө кирсе, ошол аркылуу инвестицияны тартса болот. Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу жактан жардам бере алат. Бирок мыйзамдардын аткарылышы көйгөй жаратып жатат. Укук коргоо органдары инвесторлорду чукулап, суракка чакырганы терс таасирин тийгизүүдө. Статистикага ылайык, 2018-жылдын январь айына салыштырмалуу быйыл инвестициянын көлөмү 14 пайызга төмөндөдү. Демек, салыктан акча түшпөй калат. Салыктан акча түшпөсө бюджетте тартыштык болот”, - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашова, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан