Учакта 10 саат бою уча турган эне 4 айлык баласы ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн деп жүргүнчүлөрдөн алдын ала кечирим сурады

Сеул-Сан-Франциско каттамынын жүргүнчүсү Дейв Корона өзүнүн интернеттеги жеке баракчасына баштыкчага таттуулар салынган сүрөттү жүктөп билдирүү жазган.

Ал билдирүүсүндө баштыкчада таттуулар жана кичинекей баракка жазылган жазуу бар экенин айткан. Баш-аягы 200дөй баштыкчаны жүргүнчүлөрдүн баарына учакта 4 айлык баласы менен бара жаткан эне тараткан. Себеби ал ымыркайынын 10 саатка созула турган узак жолдо ыйлап, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратуусун алдын алып, алардан кечирим сураганы болгон.

"Бүгүн АКШга апам жана чоң апам болуп, таежеме учуп баратам. Кичине кабатыр болуудамын, себеби алгачкы жолу учуп жатабыз. Балким, мен ыйлашым мүмкүн, бирок бул кылыкты жасабаганга аракет кылам. Ошондуктан алдын ала кечирим сурайм", - деген кат 4 айлык наристенин атынан жазылган.

Ал эми билдирүүнүн автору бул учактагы адамдар үчүн өзгөчө көрүнүш болгонун, ымыркай учакта 10 саат бою ыйлабай тынч барганын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Benazir08
2019-03-01 02:08:00
Сонун го молодец.. Эне экенбиз балабыз учун баарына чыдайт экенбиз
+14
Pomposhaku
2019-03-01 03:24:03
Жакшы го
+10
momun74
2019-03-01 07:35:46
Мен маршыруткага киргенде кызым ыйлабаса экен деп тилейм, бир жолу балам ыйлап жургунчулор жаман урушкан
+12
aslan_akjol89
2019-03-01 09:09:45
momun74,мен болуп калбапмын да ошол маршрутканын ичинде,урушкан жургунчулордун жообун бермек экем эки беттерин кызарта эле.
+10
aliya-leyla
2019-03-01 09:41:00
momun74,ошентишет бизде. Эки балам в бала бакчпга алып барам кундо. Маршруткадагылар ушунчалык жиндери келе беришет. Бироо эки бала менен жудобой машина жалдап алгылачы дейт. Чон аял экен унчукпадым
+11
Nargizab
2019-03-01 18:05:28
aliya-leyla,Ошол чон аялга айтпабсын бул коомдук транспорт жакпаса озунуз машине жалдап журунуз деп.
+2
tina-Tin
2019-03-01 10:51:28
мени машруттук таксинин айдоочусу урушкан. эмне кыларымды билбей ошол жерден тушуп калып башка машрутка мн кеткенмин.
+5
PeRa
2019-03-01 12:10:33
Таежемдикине баратабыз, деп турат
+3
PeRa
2019-03-01 16:17:35
Рахмат, ондоп коюптурсунар.
+1
Nur777
2019-03-01 12:25:23
Бизде кичинекей балдар эмес чон кишилер "ынгайсыздык" жаратышат,маршруткада баратып телефон менен жарым саат эзилип суйлошуп же бири-бири менен ажылдашып суйлошуп барышат.
+6
Makul
2019-03-01 15:23:13
Ошол урущкан адамдарды мал деп койсо болот. Өзүлөрү машина менен жүрсүн жакпаса
+1
tyrgon
2019-03-01 15:38:18
Эненин баласына болгон мээримди соз менен жеткирип беруу мумкун эмес.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан