Улуттук статистика комитети тараткан маалыматтарга ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында эң калориялуу тамактангандар - бул Талас облусунун жашоочулары.
Статистика комитети 2018-жылдын акыркы 9 ай аралыгында ар бир облустун тургундары кандай тамактанары тууралуу маалымат чогултуп, жыйынтык чыгарган.
Белгилүү болгондой, өлкө жашоочулары орто эсеп менен бир сутка ичинде 2101 килокалория тамак жейт. Аталган көрсөткүч дарыгерлер белгилеген нормадан 153 килокалорийге көп.
Белгилей кетчү нерсе, изилдөөнүн жыйынтыгында Ош шаарынын тургундары гана норма деп эсептелген көрсөткүчтөн ашпай тамактанары белгилүү болгон.
- Талас облусу - 2529 килокалория;
- Чүй облусу - 2370 килокалория;
- Жалал-Абад облусу - 2319 килокалория;
- Нарын облусу - 2270 килокалория;
- Бишкек шаары - 2260 килокалория;
- Ош облусу - 2236 килокалория;
- Ысык-Көл облусу - 2155 килокалория;
- Баткен облусу - 2114 килокалория;
- Ош шаары - 1832 килокалория.