Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштаганы коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда. Анын айтымында, Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөйт.
"Облустарды 6 чоң өнүккөн өлкөгө бөлүп койсок болот. Андан ары майдалап, 40 элчиликке 40 районду берели. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга колдоо көрсөткөн Япониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коёлу", - деди ал жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берип жатып.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин өкүлү Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Эгемендүү өлкөгө мындай демилге туура келеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Ал Акылбек Жапаров бул идеяны кандай мааниде айтканын түшүнбөгөнүн айтты.
“Чынын айтсам, бул идеяны түшүнгөн жокмун. Негизи Акылбек Жапаровдун идеялары жакшы. Ал көп окуган депутат. Акылбек Жапаров кандай мааниде айтканын билбейм. Мүмкүн ал ар бир облусту кандайдыр бир өлкөлөр менен жакындатайын дегендир. Ар бир облусту башка өлкөлөр менен жакын кылалы деген идея дүйнөлүк практикада бар. Ал эми ар бир облусту бир мамлекетке өткөрүп берем деген туура эмес болуп калат. Жергиликтүү бийликтердин өз алдынча болушу керек деген жагынан анын кандайдыр бир идеясы туура болушу мүмкүн. Ар бир облус өз-өзүнчө мамлекет болушу зарыл. Мэрлердин, облус башчыларын эл шайлоо кажет. Ал облустар бири-бири менен атаандашы керек. Чет мамлекеттер менен мамиле түзүү, инвестиция тартуу боюнча облустар бири-бири менен атаандашуусу шарт. Бир мамлекет облуска жардам берсе, ал жерге желегин илиш керек деген туура эмес. Мындай дүйнөлүк практикада жок”, - дейт Жээнбеков.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
Күмөндөр Абылов, жарандык активист
Адил Турдукулов, коомдук ишмер
Төлөгөн Келдибаев, укук коргоочу
Рита Карасартова жана саясат таануучу
Даниел Кадырбековдун пикири бул
шилтемеде.