Кыргызстандык ырчы Айбек Бакытбеков "Жаңы толкун-2013" фестивалынын биринчи күнүндө көрүүчүлөрдүн 109 добушун алып, 11-орунда келе жатат

Юрмалада өтүп жаткан “Жаңы толкун-2013” фестивалынын биринчи күнүндө кыргызстандык ырчы Айбек Бакытбеков көрүүчүлөрдүн добушу менен 11-орунду алды. Айбек фестивалдын алгачкы баскычында Жорж Бендсондун дүйнөлүк хитке айланган "Nothing gonna change my love for you" аттуу ырын аткарды. Көрүүчүлөрдүн добушу боюнча ал 109 упай топтоду. Бүгүн, 25-июлда фестивалдын 2-этабы өтүп, ырчылар өз өлкөсүндөгү хит ырлардын бирин аткарышат. Сынакка 16 ырчы катышууда.

Фестивалдын катышуучулары:

Айбек Бакытбеков – Кыргызстан

Чиңгиз Мустафаев – Азербайжан

Мери Мнджоян – Армения

Вин Хуат – Вьетнам

Линда Теодосиу – Германия

Саломе Катамадзе – Грузия

Adam – Казакстан 

Роберто Кел Торрес – Куба

Петерис Упелниекс – Латвия

"FRUKТЫ" тобу – Орусия 

Арсений Бородин – Орусия

“Санта-Барбара" тобу – Орусия

Юлия Терещенко – Орусия

Аркадий Войтюк жана Ольга Диброва – Украина 

Айбек Бакытбеков - "Жаңы толкун-2013"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AZIK01
2013-07-25 12:08:48
Ийгилик!!! мамлекетибиздин атын чыгарып журо берсин кудайдын озу колдосун
0
bosmos7
2013-07-25 12:24:49
Алга Кыргызстан!
0
kojojaw
2013-07-25 16:46:50
alga kyrgyzstan....
0
antivir
2013-07-25 18:37:38
ozu 14 katyshuuchu bolso anan 11 boluptur emnesine suiunosunor
0
moskva88
2013-07-26 04:09:08
antivir, 16 катышуучу.орустар да жакшы макал бар.главная участия а не победа деген.азаматсын айдай бер.дагы 2 тур бар мумкун утуп калаар.
0
beka88
2013-07-26 09:46:45
ийгилик каалайм, эгер утсан сени макташып жазышат,эгер утулсам согушуп жазышат,ошол жерге барып шрдаш озу кандай жетишкендик,
+1
Rogue
2013-07-26 10:19:55
beka88, утулгандарды жамандап жазганын каяктан окудун эле? Жакшы эле жазып журушот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан